Цистит оорусун дарылоо жолдору

Error 404!

The page you requested does not exist or has moved.

Кабылдама
  • +(996) 312 68 06 05
  • +(996) 312 90 86 25
  • +(996) 312 68 06 06
  • +(996) 552 68 06 06
  • info.maralfm@gmail.com
  • +(996) 312 90 86 27

Жарнама
  • +(996) 551 20 10 00
  • +(996) 778 20 10 01
  • maralfm.pr@gmail.com
Биздин дарек

Copyright © 2017 Maral FM

Использованные источники: maralfm.kg

Бел омуртка грыжасын толук айыктырууга болот

Акыркы кезде грыжага кабылган жарандар көбөйгөн. Адистердин айтымында, бел омуртка грыжа түрү басымдуулук кылат. Нейрохирург дарыгери Назарбек Гапыровдун айтымында, жыл сайын грыжа дартынан 170 бейтапка операция жасалса, алардын ичинен 80 пайызы бел омуртка грыжасы. Бел омуртка грыжасын укалоо жана элдик медицина менен айыктырууга мүмкүн эмес.

— Акыркы күндөрү «грыжам бар экен» дегендер күн санап көбөйүүдө. Ушунун баары биз анча көңүл бурбаган омуртканын оорусунан улам келип чыгат дарт экен. Бүгүнкү «Дабагер» уктуруусунда грыжа оорусунун алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу нейрохирург-дарыгери Назарбек Гапыров менен кеңири маек курдук.

— Акыркы жылдары жаштарды айтабызбы же улуу муунду айтабызбы көпчүлүгүнөн «грыжам бар» дегенди угуп калдык. Негизи эле грыжа деген эмне?

— Грыжа – адамдын омуртка тутумундагы кемирчектин оорусу болуп саналат. Ал остеохондроздон улам пайда болот. Остеохондроз деген омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Мисалы, компьютерде көп олтуруп, бир ордунда жылбай олтурган адамдын омурткаларында зат алмашуу бузулуп зыян тартат. Эгерде моюн, бел омурткаларында остеохондроз болгон болсо кемирчек зыян тартат. Жети моюн омурткасы бар. Ошолордун ортосунда пайда болгон кемирчектер моюн омурткасынын грыжасы деп аталат. Беш бел омурткасы бар. Ошол бел омурткасында кемирчек чыгып кетсе бел омурткасынын грыжасы деп аталат.

-Грыжанын дагы түрлөрү бар деп айтылат экен. Ошолорго токтолуп кетсеңиз. Ошондой эле кайсы түрү көп катталууда?

-Негизи бел омурткаларындагы грыжа, моюн жана көкүрөк омурткаларынын грыжасы болуп бөлүнөт. Алардын арасынан бел омуртка грыжасы менен кайрылгандар басымдуулук кылат. Андан кийин моюн омурткасынын грыжасы. Классификациясы боюнча эң көп грыжанын өзү менен келгендер. Негизи эле акыркы 10 жылда грыжа оорусуна чалдыккандар көп. Себеби учурда бул илдетти аныктоого бардык шарттар бар. Мурун бул илдетти көбүнчө радикулит деп аташчу. Ошондуктан мурунку жылдарга караганда азыр грыжаны так аныктоодон, көп чыгып жатат. Жылына бизде 170дей операция жасалат. Алардын арасынан 80 пайызы бел омурткаларындагы грыжага жасайбыз.

— Грыжанын пайда кылчу себебтерин айтсаңыз?

— Азыркы учурда кара жумуш менен иштегендер көп болууда. Ошондой эле туура эмес тартипте иштеп жатабыз. Бул деген убакыт-саатына көңүл буруу деген жок. Анан оор жүктөрдү туура эмес көтөрүп, физикалык жактан кыйналган кезде көп пайда болот. Ал эми жаштарда кыймыл жок болуп калды. Спорт менен машыгуу деген түшүнүк жоголуп барат. Тигүү цехтерде, компьютерде кечке олтурушат. Ошол мезгилде омурткага салмак көп түшүп, грыжаны пайда кылат. Кыймылдын жоктугунан семирүү дагы көйгөйгө айланды. Бул дагы грыжаны пайда кылуучу фактордун бир себеби десек болот.

— Грыжасы бар бейтаптардын басымдуу бөлүгү өтүшүп кетиптир, билбей жүрө бериптирмин дешет. Бул илдетке чалдыккандарда кандайдыр бир белгилерин байкаганга болобу?

— Башталган кезде эле байкаганга болот. Алгач бели ооруйт. Дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, буттары ооруп баштайт. Буттун арткы тарабынын тарамышы тартышып ооруйт. Айтылгандар байкалганда эле адиске кайрылуу зарыл. Моюн омурткадан кармаган грыжа болсо, адамдын колдору чымырап, уюп, талып, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эки колдун эти шылына баштайт.

Көкүрөк омурткадагы грыжадан улам жүрөк кысылат. Эгерде кардиологго кайрылууда жүрөк таза чыкса, анда туура так диогноз коюлуп, невропатолог дарылайт. Андыктан компьютердик томографиядан өткөндөрү туура. Бел омурткасындагы грыжа үч этап менен өтөт. Кысылган нервден улам бутка кан аз кетүү, башкача айтканда кан аркылуу азык өз өлчөмүндө жеткирилбей бут арыктап, сөөктөр кичирейет. Кургап, өзгөчө буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бут, бел, жамбаш сөөктөр ооруйт. Жыныстык жактан, сийдик бөлүп чыгаруу органдары жабыр тартат. Бели ооругандар бөйрөгүм деп ойлонуп урологго баргандар да болот. Ал дарылануудан 4-5 жылга чейин басылып калат да, бул аралыкта бутка түшүп, нерв кысылып анан баспай калууга, майыптыкка алып келет.

— Ийне сайдыруу же болбосо укалоо (массаж) жолу аркылуу грыжа илдетин айыктырса болот дегендер бар. Сиз буга дарыгер катары эмне дейсиз?

— Чындыгында бейтаптар, ийне сайдырып, укалоо алып жана табыптарга барып олтуруп, убакытты өткөрүп анан бизге келишет. Укалоо жолу аркылуу грыжаны кетирүү кыйын. Бул ыкма убактылуу жардам бериши мүмкүн. Грыжа жүлүндүн каналына чыгып калгандан кийин грыжа укалоодон кетпейт. Ошондой эле костоправтар бар. Алар укалоо жолун катуу колдонушат, айрым кезде кайра грыжа жоголбой эле пайда болуп калат. Ошондуктан алгач так аныктап, анан дарыгерге кайрылыш керек. Ошого карап адистер, дарылоо ыкмаларын сунушташат. Жаңыдан пайда болуп жаткандарга көнүгүү жасатып, айыктырса болот. Ал эми өтүшүп кеткендерге бир гана операция жасоо зарыл болуп калат. Бирок, элдер операция жасатуудан коркушат. Майып болуп, төшөктө көп жатып калам деп. Бул түшүнүк туура эмес. Учурда заманбап методдор боюнча операцияларды жасап жатабыз. Бейтаптарды үч күндөн кийин эле бутуна тургузабыз.

— Бул илдеттин алдын алуусу тууралуу айтсаңыз?

— Ашыкча толук болбоого аракет кылуу керек. Оор нерсе көтөргөндө эки колго тең, бирдей салмактагы жүк көтөрүү зарыл. 20 кгды бир эле колго көтөрүүдөн улам ийрейип, бел омурткасына күч келет.

Мончо, сауналарда ысыктан тез муздак абага чыга калганда да булчуңдардын тырышып калуусунан пайда болот.

Кургатылган жер-жемиштер, колго кайнатылган кампот-соктор пайдалуу. Эң биринчи орунда биз дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасатып дарылоого көңүл бурабыз. Адамдар ар дайым кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап, жогоруда айтылып кеткен кеңештерди туура жасап жүрсө бул оорудан алыс боло алат.

Использованные источники: dem.kg

Как вылечить цистит

О данном заболевании многие женщины знают не понаслышке. С наступлением холодов цистит часто обостряется. Женщину мучает резь, боль внизу живота и частые позывы к мочеиспусканию. Она не может полноценно работать, отдыхать, вести активную половую жизнь.

У тех, кто занимается самолечением, наблюдаются частые рецидивы этого заболевания, потому как бесконтрольный прием препаратов не ведет к полному излечению, а только притупляет симптомы, в результате болезнь возвращается снова.

От данного заболевания можно избавиться раз и навсегда, но для этого необходимо точно следовать всем инструкциям и назначениям врача и ни в коем случае не бросать лечение при первых признаках улучшения.

Симптомы заболевания

Признаки цистита характеризуются:

  • частыми позывами к мочеиспусканию при норме около 4 раз в день;
  • небольшой порцией мочи, выделяемой за один раз;
  • жжением, болями, зудом и другими дискомфортными ощущениями в области уретры. Данные симптомы могут наблюдаться в различных условиях – и в положении покоя, и в движении, в частности, в процессе полового акта;
  • незначительным повышением температуры тела;
  • помутнением мочи и изменением ее запаха – он становится крайне неприятным;
  • наличием в моче крови;
  • выделением из уретры гноя.

Что необходимо предпринять в этом случае

Если вы обнаружили у себя один или несколько таких симптомов, необходимо срочно обратиться к врачу, т. к. за таким проявлением цистита может скрываться более серьезный недуг, например, заболевание почек – пиелонефрит.

Последовательность ваших действий должна быть такой:

  1. Для того чтобы вылечить цистит, необходимо прийти на консультацию к специалисту и сдать общий анализ мочи. В некоторых случаях врач может назначить и бакпосев мочи, чтобы определить возбудителя, который вызвал данное заболевание и его чувствительность к антибиотикам. Параллельно моча исследуется по методу Нечипоренко (у больного берут пробы мочи каждый час), что помогает исключить болезни других органов мочевыделительной системы.
  2. Молодые женщины часто страдают острым циститом на фоне запущенных гинекологических патологий. Поэтому для того чтобы навсегда избавиться от этого недуга, необходимо исключить наличие трихомонад, хламидий, гонококков, микоплазм, уреаплазм, гарднерелл, вируса простого герпеса и др. Наиболее достоверный результат получается в ходе исследования мазка из уретры и шейки матки. Данный ПЦР-метод позволяет практически со 100%-ной точностью выявить все известные микробы и патогенные микроорганизмы. Дополнительно исследуется кровь пациента на антитела к ним. Если будет обнаружено заболевание, то лечиться придется и партнеру, даже если его ничего не беспокоит, а после лечения сдать повторный анализ на наличие ИППП.
  3. Если признаки цистита появились не впервые, необходимо сделать цистоскопию у уролога. Это особенно важно при хроническом течении заболевания, т. к. врач сможет оценить степень повреждения стенок мочевого пузыря и определить вид цистита. Цистоскопия не проводится при остром цистите, когда больную мучают сильные боли и жар. До и после процедуры пациентке нужно будет пропить специальные лекарства, а после прийти на инстилляцию.
  4. Чтобы вылечить цистит, обязательно нужно посетить еще одного специалиста – ЛОРа. Он сможет выявить дополнительные источники инфекций в организме, которые могут провоцировать данное заболевание и не давать больному возможности раз и навсегда избавиться от цистита. Речь идет о тонзиллите, хроническом фарингите и др.

Любая инфекция в организме может рано или поздно проявить себя. Поэтому если у вас есть какое-то хроническое заболевание, необходимо вплотную им заняться и вылечить все зубы, больной желудок и т. д.

При первых признаках улучшения ни в коем случае нельзя прекращать лечение, необходимо запастись терпением, лечение заболевания долгое – около 3–5 месяцев, но оно того стоит.

Несколько слов о народных методах лечения

В период ремиссии необходимо себя поберечь, раны и язвы в мочевом пузыре только затянулись, поэтому необходимо тепло одеваться в холодное время года и не купаться в слишком холодной воде в жару и зной, а также питаться продуктами, не раздражающими стенки мочевого пузыря. Необходимо подумать о своей защите во время полового акта. Нелишним будет посетить врача-иммунолога, он может дать полезные рекомендации и помочь восстановить нормальную микрофлору после антибактериальной терапии.

Вылечить хронический цистит одним курсом антибиотиков нельзя, тем более это невозможно сделать, если прибегать только к средствам народной медицины.

Хотя настои лекарственных трав, рекомендуемых врачом, нужно пить обязательно; иногда их назначают курсами по 4 недели после соответствующего лечения.

Помочь избавиться от цистита могут и морсы – клюквенный и брусничный, но это может быть только дополнением терапии, назначенной урологом и гинекологом. Женщинам, у которых цистит привел к недержанию мочи, полезно делать специальные упражнения.

Вылечить цистит можно, главное – не запускать болезнь и вовремя обращаться за помощью к специалистам.

Использованные источники: cistit.online

Кыргыз маданият борбору

http://kmb3.hostenko.com/ блогунун күзгү блогу

Кымыз менен дарылоо

Кымыз – көчмөн эл арасында эзелтен бери белгилүү суусундук. Ал негизинен бээнин сүтүнөн, андан сырткары, уйдун жана төөнүн сүтүнөн да жасалат.

Кымыз тууралуу алгачкы маалымат байыркы грек тарыхчысынын (биздин заманга чейинки 484-424-жылдар) эмгегинен жолугат. Ал скифтердин турмушун баяндап жазып, берегилер бээнин сүтүн чаначка куюп, бышуу жолу менен өзгөчө бир суусундук алышат деп жазган.

Дарылык касиети бар кымыз бээнин чийки сүтүнөн жасалат. Ал ашказанды, ичегини тазалайт. Чаалыккан организмге жакшы сиңет, адамдын ичтейин ачат, кандын курамындагы холестринди азайтат. Аз кандууларга, анемия дартынан азап тарткандарга миңдин бири. Өпкө оорулууларга, ашказанында жарасы барларга, нерв дартына чалдыккандарга жакшы жардам берет.

Кымыз менен дарылангандар санаторийге барып дарылангандарга караганда ишке жөндөмү бир кыйла артат, өздөрүн шайдоот алып жүрөт, салмагы азаят. Анткени кымыз менен дарылануунун натыйжасында организмдеги азык алмашуу оңолот. Кымыздын курамында С витамини абдан көп, айталы, уйдун сүтүнө салыштырмалуу үч эсе арбын.

Кымыз менен дарылануунун босогосунда бул суусундук бөтөнчө суусундук экенин, андыктан ага алдын ала көнүү керектигин эске тутуу абзел. Демейде дарыгерлер кымыз ичүүнү аз-аздан, атап айтканда, 50 миллилитрден баштоону сунуштап жүрүшөт. Анан бара-бара аны 250 миллилитрге чейин көтөрүү керек. Ошентип, бир суткада үч литрге чейин ичүүгө мүмкүн. Кымызды тамак жегенге бир саат калганда бир күндө алты жолу ичүү туура.

Бээнин сүтү иммунитетти көтө­рүүгө, жалпы эле тери оорусуна, кызыл жүгүрүккө, сөөк-муун оорусуна, ички органдарга, өт, боор, ичеги-ашказан, бөйрөк, өпкө, бронхит, жоон ичегилерге, суук өткөн жеңил ооруга, уйку без, нерв ооруларына ичсе жагымдуу. Ошол эле учурда бейтап бээнин сүтүн кайсы маалда, кантип ичүү керек экенин алдын ала билип, анан ичүүсү зарыл. Бээнин сүтү өтүшүп кеткен ооруга жардам бербейт. Ашказанында кислотасы көп адамдар, мындайча айтканда, гастрит келели менен ооругандар этияттап, чектеп ичүүгө тийиш. Эске сала кетсек, калк ичинде айтыла жүргөндөй, “кымыз кырк жылдык ооруну козгойт”. Кымыздын дарылык касиети үркөр чыгып, чөп каткыча жагымдуу болот. Үркөр чыкканда чөп күчүнө кирип, дан алып калгандан кийин оорукчан адамга бээнин сүтү да, кымызы да күчтүүлүк кылып, адамга жагымы болбойт.

Кымыз кайсы бир мезгилге дейре туз кислотасын да алмаштыра алат. Кымыз ичүү белоктор менен майдын сиңишин жакшыртат. Медициналык адистер белгилегендей, кымызды айрыкча шаардыктардын такай ичүүсү зарыл.

Кымыздын жогорку аш болумдуулугун сүттүн курамы менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Сүттү ачытканда май өзгөрбөй, өз калыбында калат, бирок, белок бат сиңүүчү азыкка, май канты сүт кислотасына, этил спиртине, көмүр кислотасына жана башка жыпар жыты аңкыган азыктарга айланат. Мунун баары кымыздын денебизге жагымдуулугун арттырат.

Кеңеш катары айта турган дагы бир нерсе, кымыз ким тарабынан жасалбасын, ал куюлган идиш, пластик бөтөлкөсү катуу болууга тийиш. Себеби, кымыз бөтөлкөнүн ичинде ачыйт. Идиш ичинде ачыбаган кымыз, тактап айтканда, бөтөлкөсү жумшак кымыз анча жакшы болбойт, а түгүл, ден соолукка зыян келтирип коюшу да ыктымал.

Кымызды уйдун сүтүнөн да жасашат. Уй кымыз майсыздалган сүткө 25 пайыз кант жана суу кошуу жолу менен жасалат. Уй кымызы да бээ сүтүнүн кымызындай эле сапаттарга ээ.

Ал эми төө сүтүнөн жасалган кымыз азыркы Кыргызстанда абдан аз ичилет. Арийне, канатташ казак калкынын дасторконуна арбын коюлат. Аны казактар “шубат” дешет. Дарылык касиети абдан мыкты суусундук.

Ылаңдаган бээнин сүтүн ичпеңиз!

Жергебизде жылдагыдай эле кымыз ичип дарылануу кызуу башталды. Ата- бабабыз кымызды эзелтен бери элдик медицинада кеңири колдонуп келгени белгилүү. Акыркы жылдары “кымыз менен дарылоо” жөнгө салынып, бээ сүтүнүн дарылык касиетине ишеним артып бараткандай. Айрым ишкер адамдар үчүн “кымыз менен дарылоо” бизнеске айланган.

Өлкөдө бул багытта кандай иш жүрүп жаткандыгын билүү үчүн республикалык ветеринариялык дарт аныктоо борборуна баш бактык. Сыртынан бейкапар көрүнгөн мекеменин ичинде дарылоо сезонуна карата иш кызуу жүрүп жаткан экен. Малдын дартын аныктатуу үчүн келген мал доктурлардын, ошол эле малчылардын мал-жандын дени сактыгына көңүл кош эместиги байкалат. Себеби, акыркы жылдары жылкыдан бруцеллёз оорусу чыгып жатат. Муну калктын калың катмары толук биле бербесе керек. Ушул максатта ветеринариялык дарт аныктоо борборунун башчысынын орун басары Асан Кыдыргычевдин жылкыдагы бул ылаң туурасында азыноолак маегин уктук.

– Алгач жалпы элебруцеллёз тууралуу бир аз токтоло кетсем. Бул оорунун өмүрү өтө узун, илгертеден бери келатат. Бруцеллёз боюнча 1864- жылы изилдөө жүргүзүлө баштаган. Анан улам калыпка салынып олтуруп, 1907-1908-жылдары бруцеллёз оорусунун алты түрү аныкталган. Муну изилдеген Брусь деген адам болгон, береги кесел ошол адамдын атынан “бруцеллёз” деп аталып калган.
Негизинен бруцеллёз бодонуку, кой-эчкиники, иттики болуп, алты түргө бөлүнөт. Бирок акыркы күндөрү мен бир орчундуу маселени көтөрүп чыгып атам. Анткени ушу кезге чейин жылкыга жуккан бруцеллёз жок деп келгенбиз. Бирок, мындан беш-алты жыл мурда Ысык-Көл облустук ветеринариялык башкармалыкта иштеп турганымда жылкы баласы да бруцеллёз менен ооруй турганын биринчилерден болуп айтып чыкканбыз. Ошол кезде эки жылкы ооруп калып, текшерүүдө бул ылаң жылкыга да өтөөрү аныкталган. Бруцеллёздогу эң коркунучтуу жугуштуу кесел таякчалары бул кой менен эчкиники. Мындан бир нече жыл мурда жылына төрт миңден ашык адам бул ооруга кабылса, кийинки убактагы алдын-алуу иш-чараларынын натыйжасында бул дартка чалдыккан замандаштарыбыздын саны бир аз кыскарды. Ошентсе да, оору мурдагы калыбында калып атат, аны түп тамырынан жоготуу мүмкүн эместей. Бруцеллёз малдан гана жугат, адамдардан бири-бирине өтпөй турган оору. Анын эң негизги зыяны аялды да, эркекти да тукумсуздукка алып келет. Ушуну адамдар түшүнүшсө. Бизде жылына бир миллионго жакын изилдөө жүргүзүлөт, ошонун ичинен сексен-токсон пайыз бодо малдыкын, кой-эчкиникин, ит, чочконун кандарын текшерип келебиз. Быйыл жыл башынан бери 316 миң малга изилдөө жүргүзүлсө, андан миңге жакын оорулуу мал аныкталды. Бир миллион малдан эки жүз алтымыш мин оорулуу мал чыгып атат.

Бруцеллёз менен ооруган уйдун же кой, эчкинин сүтүн алтымыш градуста он мүнөт кайнатсак, ал эми токсон градуста беш эле мүнөт кайнатсак, бруцеллёздун микробдору өлөт. Ушул жол аркылуу бруцеллёзго натыйжалуу каршы күрөшүү мүмкүн. Ал эми бээнин сүтүн кайнатып ичкенге болбой атпайбы, буга кандай чара көрүү керек? Бул – бүгүнкү күндөгү эң орчундуу маселелердин бири. Былтыркы жылы 36 миңден ашуун жылкыга изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен кыркка жакын бээден бруцеллёз дарты аныкталган. Эң коркунучтуусу – бир эле бээнин сүтүн бир күндө көп адам ичет. Бул маселени тийиштүү адистердин баарынын алдына койгонбуз, “Ар бир жылкычы желедеги малын изилдөөдөн өткөрсүн” деген талап бар. Кийинки кезде эл да түшүнүп калды, үйүргө кошоордон мурда бээни текшертип кетип жатышат.

Жылкыдагы бруцеллёздун пайда болгонуна он жылдан ашты, бирок, ал кезде кымыз менен дарылануу жарандарыбыздын арасында бүгүнкүдөй өтө өнүккөн эмес эле. Калың журтка берээр кеңешим – кымыз, сүт ичээрден оболу жылкычыдан биздин экспертизаны талап кылышсын, биз ар бир малга анализ жасайбыз. Ден соолугубузга кам көрүү – ар бирибиздин колубузда. Мына, кымыз ичүү мезгили башталды, бир оорусун айыктырам деп барып дагы башка ооруну жуктуруп алуудан сак болушсун деген максатта акыркы кезде бардык малчыларга бээни желеге байлаардан оболу текшерүүдөн өткөргүлө деген катуу талап коюлган. Кыргызстандын ар бир аймагынан кан тапшыруулар үстөкө-босток түшүүдө. Жыл башынан бери беш баш жылкыдан бруцеллёз оорусу аныкталды. Ооруган малды жок кылуу керек. Бул илдет менен күрөшүүгө Бүткүл дүйнөлүк банк бизге каражат бөлүп бергенин да кошумчалап кетүүгө тийишмин.

Использованные источники: kmborboru.wordpress.com

ERKINDIK.RU

Вирустуу гепатит.

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 18 Jul 2014

Вирустуу гепатит — боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу дарт.

Ушул убакта оорунун: А, В, С, D, E жана толук ачыла элек J түрлөрү белгилүү.

А түрү (Боткин оорусу) бул көбүнчө жаш балдарда кезигет. Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш , оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир кол, чымын-чиркей аркылуу; Жана убагында даарыласа толугу менен айыгып кетет.

В түрү кан сары суу гепатити медицина лык аспаптарды чала стерилдөөдөн жугат. Бул оору өнөкөт болуп, дайыма диетада, дарыгердин көзөмөлүндө болуусу керек.

С түрү кан аркылуу, медициналык аспаптардан жана жыныстык жол менен жугат. Убагында даарыланбай жүро берсе боордун циррозуна алып келет.

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 18 Jul 2014

Вирус организмге жуккандан кийин 3—6 жумага, кээде 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык мезгил).

Белгилери:

Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт. Тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, зарна болот, кекирет, окшуп кусат. Ичи ооруп, өтүшү мүмкүн. Кээде баш ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эт ысыйт (кээде температура 39—40°ка көтөрүлөт). Зааранын өңү пиво же коюу чайга окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене саргаят. Кээде оору билинбей жалпы абалы бир аз начарлап, денеси саргайбай өтөт. Оорулуу өзүн оору деп сезбегендиктен врачка убагында кайрылбай, тегерегиндегилерге ооруну таратат.
Мындай учурда оору күчөп кетип, көпкө созулушу жана кабылдоого алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Убагында ооруканага жатып, врачтын көрсөтмөлөрүн аткаруу оорулуунун жакшы болуп, айыгып кетүүсүнө түрткү берет. Ооруп айыккан адам 6—12 ай режимди туура сактап, убагы менен сапаттуу тамактануусу зарыл. Сүт азыктарын, жашылча, жемиш, майсыз эт, балык, минералдуудуу суу берүү сунуш кылынат. Оор жумуш жасоого, спорт оюндары менен машыгууга, суукка урунууга, күнгө күйүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин, куурулган, өткүр тамактарды, майлуу эт, консерва азыктарын, шоколад жешке болбойт. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, боордун циррозуна айланып кетүүсү мүмкүн: 2 жылга чейин врачтын көзөмөлүндө болуп, жеңил жумушта иштөөсү талапка ылайык.

Алдын алуу.

Оорунун алдын алууда оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, ал жаткан бөлмөгө дезинфекция жүргүзүлөт; оорулуу менен бирге болгондор 45 күнгө чейин медициналык көзөмөлдө болот. Балдарга гамма-глобулин куюлат. Өздүк гигиенаны сактап, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ылайык.

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 18 Jul 2014

Боор (лат. jecur, jecor, др.-греч. ἧπαρ) — тамак сиңирүүчү эң чоң без; салмагы 1,5 кгдай. Бул ар түрдүү функция аткаруучу татаал түзүлүштөгү орган. Боор зат алмашуу процессине, организм үчүн зыяндуу заттарды зыянсыздандырууга катышат; боордо кан белоктору (альбуминдер, глобулиндер, кан уюунун көпчүлүк фактору) иштелип чыгат. Андан сырткары боор майларды сиңирүүгө жардам берүүчү өт иштеп чыгат. Боор ич көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндө, оң жак кабыргалардын астында жайгашат, үстүңкү жана астыңкы бети, алдыңкы жана арткы чети болот.

Үстүңкү бети төмпөк болуп, боор этке, астыңкы жагы ички органдарга жанаша жатат. Боор оң (чоң) жана сол (кичине) болуп эки бөлүккө бөлүнөт. Астыңкы бетинде боорго кан тамырлар жана нервдер кирүүчү, лимфа тамырлары менен өт жолдору чыгуучу боор дарбазасы, ошондой эле өт баштыкчасы жайгашат. Боордун бөлүкчөлөрү боор клеткаларынан жана кан тамыр капиллярларынан турат. Боор бөлүкчөлөрүнүн борборунда борбордук вена жайгашат. Капилляр кандагы заттарды сиңирүүгө, бактерияларды, кызыл кан денечесинин калдыгын, май тамчыларын кармап жана эритүүгө жөндөмдүү. Өт бөлүп чыгаруучу боор клеткаларынын арасында өт капиллярлары жайгашкан. Боор бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы туташтырма тканынан артерия, вена, өт жолу, нервдер жана лимфа тамырлары өтөт. Боор артериясы аркылуу боордо артерия каны, ал эми дарбаза венасы аркылуу вена каны жүрөт. Кан жүрүүчү капилляр аркылуу кан боордун бөлүкчөлөрүнөн өтүп, борбордук венага чогулат, андан боор төмөнкү көңдөй венага баруучу боор венасына куюлат.

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 18 Jul 2014

Боордун циррозу — боор клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылып өсүп, боордун түзүлүшү жана функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оору.

Дартын себептери:

Вирустуу гепатит менен ооруганда, айрыкча догдурга өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталса, догдурдун көрсөтмөсүн бузганда, туура эмес тамактанууда болушу мүмкүн. Көбүнчө боордун цирриозу менен алкоголь ичкиликтерин ичкен кишилер көп ооруйт (к. Өнөкөт аракечтик). Боорго зыян келтирүүчү уу заттардын (хлороформ, мышьяк, фосфор жана башка) организмге таасир этиши, кээ бир дарыларды (антибиотиктер, сульфаниламиддер) контролсуз ичүү, өт жолдорунун бүтөлүп калуусу, алардын сезгениши да боор циррозуна алып келет.

Дарты аныктоо:

Белгилери оорунун формасына, стадиясына жараша ар кандай болот; көп жылдар бою оору кишиге сезилбейт, текшергенде гана боордун катуу тартып чоңоюшу жана башка байкалат. Дарт күчөгөн кезде оорулуунун алы кетип, арыктайт, денеси ысыйт жана саргаят, ич көңдөйүнө суу толгондуктан ич чоңоёт. Анын өтө оор кабылдоолорунда кызыл өңгөч менен карын веналарынан кан агат, эстен танат.

Дарылоо:

Боор циррозун дарылоо узакка созулат, күчөп кармаган кезде сөзсүз ооруканада дарылануу зарыл. Догдур сунуш кылган дары-дармек менен катар майы жана тузу аз, витаминдүү тамак ичүү зор мааниге ээ. Сүт азыктарын, кайнап бышкан эт, балык, жашылча-жемиштер, ширелер сунуш кылышат. Оору күчөгөн кезде оорулууга тынч шарт түзүү керек. Боор циррозун алдын алууга вирустуу гепатиттен сактануу, туура тамактануу, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, оор ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.

Азыркы убакта боорду алмаштыруу менен да толук айыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 18 Jul 2014

Сарык —өт пигменти — билирубин канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши.
Сарык боорду жабыркаткан вирусту гепатитте, боордун циррозунда жана өт жолдорунун таш оорусунда, айрым кан ооруларында семолиздик сарык болот. Боорду жабыркаткан ооруларда билирубин пайда болуу жана аны ичегиге бөлүп чыгаруу бузулат, заң агарып, заара кочкулданат. Өт жолдорунун таш оорусунда жалпы өткөөлдү таш бүтөп калып, өт ичегиге өтпөй, билирубин канда көбөйөт. Мындай сарыкта заң агарып, заара кочкулданат, тери дүүлүгүп кычышат.

Гемолиздик сарык:

Гемолиздик сарык кандагы эритроциттер көп ажырап, андагы билирубиндин бөлүнүшүнөн болот. Ал көбүнчө тубаса же кийин пайда болгон гемолиздик аз кандуулукта байкалат. Мында заң агарбайт, заара сыяктуу эле кочкул түстө болот. Саргаруу адегенде көздүн агында, жумшак таңдайда, тилдин алдында, андан кийин териде байкалат. Сарык байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Себеби сарык вирустуу гепатиттин кесепетинен болсо айланадагыларга жугат. Эгер өт жолдорун таш бүтөп калуудан сарык болсо операция жасоого туура келет.

Ымыркайлар сарыгы:

Ымыркайлар төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин физиологиялык сарык болот. Ал убактылуу боор начар иштегенден болуп, 1—2 жумадан кийин өзү жоголот. Эне менен баланын кан сыйышпастыгынан ымыркайлардын гемолиз оорусу пайда болот.

Использованные источники: erkindik.ru